2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 824 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 654,41 млн. доллар (13,56%) ички карыз. Ал эми 4, 169 млрд. доллар (86,44%) тышкы карыз. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган.

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,776 млрд. доллар бересе;

— Францияга — 4,86 млн. доллар;
— Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине — 244,84 млн. доллар;
— Банк КвФ — 80,75 млн доллар;
— Түштүк Кореянын Эксимбанкына – 14,14 млн. доллар;
— Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондуна — 7,14 млн. доллар;
— Сауд өнүктүрүү фондуна — 24,16 млн. доллар;
— Түркия өкмөтүнө — 89,54 млн. доллар;
— Абу-Даби өнүктүрүү фондуна – 8,04 млн. доллар карыз.

Кыргызстан бул жылы да тыштан 338 млн. доллар каржылык жардам алды. Анын 269 млн. доллары насыя.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here