Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров BBC’нин кыргыз кызматына маек берди.

Анын жүрүшүндө Садыр Жапаров абакта отурганда ага кол салуу болгон окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Журналист: — Маектин башында сиз баарын ачык айтып берүүгө убада кылдыңыз. Ошондон улам сурай турган маселе, сиз абакта жатканда бир күнү кызыл-жаян канга боелуп, кол салынганы тууралуу видео, сүрөт жарыяланды. Көп өтпөй сиз шок абалда өзүмө өзүм кол салдым деген билдирүү кылдыңыз эле.

Садыр Жапаров: — Бул сурооңузга мен азыр жооп бербей турайын. Анткени Алмазбек Атамбаев камакта жатат. Ошого байланыштуу бул. Ошон үчүн мен жооп бербей турайын. Моралдык жактан ага да туура эмес болуп калат. Мен кийин буга ачык жооп берем.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here