Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 28 жаштагы тургуну Жаңыл Кыргызбаева 4 баланын апасы. Жакында эле үчүнчү баласы кырсыктап, денесинин 65 пайызы ысык сууга күйүп калган. Алгач көлдө дарыланып, учурда Бишкек шаарында жатат.

«Өзүм иштебейм. Жолдошум Нурбек Арыкбаев Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынан болот. Күнүмдүк ар кандай жумуштарда иштейт.

Балабыз Азирет Кыргызбаев 2018-жылы 13-июнда туулган. Азирет үчүнчү балабыз. Ушул эле жылдын 4-октябрь күнү саат 14:00 чамасында кир жууганга суу жылытып жаткам. Балам үйгө кирип, велосипедин алам дегенинен азыр алып берем деп, огород жакка чыгып кеткен болчумун. Катуу чаңырганынан чуркап барсам, атасы кийимин чечип баштаптыр. Мен дагы шымын чече калып, дароо эле ооруканага алып жөнөдүк. Барарыбыз менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырды. Андан кийин дарыгерлер: «Үйүңөргө бара бергиле. Бүгүн түнү өзүбүз карайбыз» дегенинен үйгө саат 19:00дө кеткенбиз. Ошол учурда төртүнчү балам боюмда болчу. Саат 20:00дө толгоом башталып, кайра ооруканага бардым. Ошентип саат 21:35те төртүнчү баламды төрөдүм.

Эртеси күнү жолдошум Азиреттин жанына караганы жатты. Бир жума Чолпон-Атанын ооруканасында жатып, Бишкекке жолдомо берилди. Ошентип күйүктөр бөлүмүнө жаткырылды. Биринчи 3-4 күндөй наркоздо уктап жатыптыр. Азыркы учурда 6 капельницаны бир алып жатат. Кан куюп жатышат. Эми терисин алмаштыруу боюнча операция болот экен. Толук маалымат бере элек. Бирок дарыгери операция болот деп айтыптыр. Канча акча керектелери айтыла элек. Азыр дары, капельницага эле күнүгө 2500-3000 сомдун тегерегинде каражат кетип жатат. 3-даражадагы күйүк деп айтышты. Денесинин 65 пайызы күйүп калган», — деди Азиреттин апасы.

Жардам берүүчүлөр үчүн:

Элсом: 0706770066
Оптима карта: 4169 5853 4117 5718
Демир карта: 4172 2100 7922 46 88
Сбербанк: 2202 2016 4301 2772
Атасы Нурбектин номери: 0700 122630
Апасы Жаңылдын номери: 0707 201230, 0552 90 14 30 (WhatsApp).


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here