Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Суракматов иштен кеткени буга чейин да, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда кабарланган. Бирок 8-октябрда ал тарапташтары менен мэриянын имаратына кирип, өз ишин токтотпогонун, эки күндөн бери аралыктан иштеп жатканын айткан жана кадимки тартипте иштей берерин билдирген.

Азиз Суракматов Бишкек шаарын 2018-жылдан бери башкарып келаткан.

Мурдараак мэрдин биринчи орун басары болуп Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеев дайындалганы кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here