Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нариман Түлеев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгонун 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Алмаз Бакетаев турак жай-коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары да башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here