Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка алынган жок. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Матраимовдун адвокаты ал тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камалбаганын билдирди.

УКМК Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

УКМК Райымбек Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектелүүчү төлөөгө макул болгон жана 80 миллион сомун дароо которгонун кабарлаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here