Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин УКМК жалпы журтка сүйүнчүлөдү. анын куса турган акчасы болгону 2 млрд. сом экен. Эмне дейбиз: «Сүйүнчүсүнө сүйрү бок, калганын каткан бок» дейли. Эмнеге дегенде Райымбек Матраимовго 2 млрд. сом болбогон акча. Долларга которгондо 25 млн. доллардын тегереги болот. Чынында бул акча Матраимовдор үчүн, орусча айканда «копейка». Жапаров менен Ташиев бул жагын эӊ жакшы билет. Андыктан ич ара саясат жана соода кылбастан Матраимовдордун Кыргызстандан чыгарып кеткен 700 млн. доллар ж.б. коррупциялык иштерин тереӊ иликтегенде РАИММИЛИАРД бюджетке жок эле дегенде 2 млрд. доллар төлөсө куп жарашат… Бул жагын көз жаздымда калтырбагыла…

Ал муну менен оӊой — олтоӊ кутулуп кеткиси келип жатканы байкалууда. Учурда коомчулук бул боюнча катуу сынга алууда. Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы төмөндөгүдөй маалымат таратты

«Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КРнын Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген. Белгилей кетсек, Р. Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду», деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы сотто бүгүн аныкталарын УКМК кошумчалады.

Райымбек Матраимов бүгүн Бишкекте кармалганы кабарланган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here