Бул тууралуу маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыкты. Сыдыков 2015-жылдан бери «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат. Кызыгы Раиммиллиондун «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышкан. Тизмеде 22чи болчу. Бул жагы да бир чоӊ сырды ачкансып турабы? Чынында 50 жаштагы Бактыбек Бакиевдиердин эӊ жакын адамдарынын бири болгон. Ал 2007-2010-жылдары «Манас» аэропортун жетектеген. Ошол учурда аэропортто коррупция гүлдөп турганы жалпыга маалым. Буга чейинки «Манастын» жетекчиси Мурат Примбердиев кызматтан алынганы кабарланууда. Бүгүн Бакиевдердин эӊ жакын кадры, «баласы» Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болду. Эске сала кетсек, Бакытбек Сыдыковдун «легендарлуу» атасы Үсөн Сыдыков Бакиевдин мезгилинде президенттин аппаратты башкарып турган…

Сыдыковдун өмүр баяны:

Бактыбек Сыдыков 1970-жылы 18-июлда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулган.

Билими:

1993 — Москвадагы Мамлекеттик Техникалык университетинин «инженер-механик» факультетин аяктаган;

2010 — КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынан «Мамлекетти башкаруу менеджменти» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1994 — Кыргыз-казак биргелешкен «ТриО-Б» ишканасынын башкы директору;

2000-2001 — «Кыргыз-Дан-Азык» АКтын Мүлк комплексинин директору;

2001-2005 — «Кыргыз-Дан» АООТнун башкы директору;

2005-2005 — КР Каржы министринин кеңешчиси;

2005-2010 — «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКтын коммерциялык иштер боюнча вице-президенти, башкаруучулугунун тѳрагасы;

2011-2015 — «АККА Компаниялар тобу» ЖАКтын директорлор кеңешинин тѳрагасы;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат.

Үй- бүлѳлү, тѳрт баланын атасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here