Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси болуп 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов 60 жашта. Ал 1995-жылдан бери Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, эксперттик топтун жетекчиси, 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары, жетекчиси болуп үзгүлтүксүз иштеп келаткан.

Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.

Буга чейин 15-октябрда отставкага кеткен президент Жээнбековдун аппаратын Досалы Эсеналиев жетектеп турган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here