«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартылат. Бул тууралуу 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал ишкерлерге кайрылып, кылмыштуу топтор кысым кылып жаткан болсо атайын кызматка маалымат берүүнү өтүндү жана уюшкан кылмыштуулукка карыш күрөштүн үзүрү жакында көрүнө баштай турганын айтты:

«Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына башташат. Биз ошондой кылабыз».

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here