Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон Алмамбет Шыкмаматов өзүнө жана «Чоң-Казат» кыймылынын лидери Сыймык Жапыкеевге карата Башкы прокуратура Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмыш ишин козгогонун 15-октябрда «Азаттыкка» айтып берди.

«Башкы прокуратурада иштеген балдардан 245-берене менен кылмыш иши ачылып, аны Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы тууралуу маалымат уктум», — деди Шыкмаматов. Анын айтымында Башкы прокуратура кылмыш иши тууралуу расмий айта элек, суракка чакыра элек. Кылмыш ишинин козголгону тууралуу Сыймык Жапыкеевден комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы «Алмамбек Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевге карата кылмыш иши козголгон жок» деп билдирди. Аларга карата кандайдыр-бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн да айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттин аппараты, парламент жайгашкан имаратты, УКМКнын имаратына кирип барышкан.

Башкы прокуратура баш прокурор Өткүрбек Жамшитов кызмат ордунда экендигин 11-октябрда кабарлаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here