Президент Сооронбай Жээнбеков эч бир сүйлөшүүдө кызматтан кетүү мөөнөтүн айтпаганын анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди:

“Азыр соцтармактарда президент Жээнбеков кызматтан үч күндүн ичинде кетүүгө убада берген деген маалымат тарап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин айткан, бирок Садыр Жапаров менен тарапташтары кайсы үч күн жөнүндө айтып жатканы белгисиз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө дагы Жапаров “он күн өтүп кетти” деди”.

Стамалиеванын маалыматына караганда президент менен премьер-министрдин сүйлөшүүлөрүнө депутаттар Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев катышкан, алар дагы президенттин кызматтан кетиши керек деген позицияда.

“Ушундан улам, президент бир дагы билдирүүсүндө же маалымат кызматынын билдирүүлөрүндө кызматтан кетүү мөөнөтү айтылган эмес. 9-октябрдагы билдирүүсүндө мамлекет башчы “Биз өлкөнү эртерээк мыйзам жолуна алып келишибиз керек. Мен Кыргызстандын президенти кызматынан өлкө мыйзам жолуна түшкөндөн кийин кетүүгө даярмын” деп билдирген” деп маалымдады Стамалиева.

Маалыматка караганда Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүлөрүнө президент тараптан аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, кеңешчиси Мурат Шайымкулов жана аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков катышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here