Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент кызматтан кеткенин, парламент төрагасы мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу арыз жазып бергенин жарыялады. Ал ушул мүнөттөрдө Эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп төмөнкүдөй билдирү жасады:

«Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү».

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here