Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө жетекчи алмашты. Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы 15-октябрда кабарлагандай, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кызматтан алынды.

Анын ордуна Мирбек Мияров дайындалды. Өкмөт бул чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алганы айтылды.

36 жаштагы Мияров байланыш тармагында иштеген. Быйылкы парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынын лидери катары катышкан. Ал 2005-2010-жылдары Бишкек шаардык байланыш түйүнүндө инженер, 2012-2019-жылдары «Моби Строй» ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here