Водолаз каймана аты менен белгилүү Максат Абакиров Ысык-Көлдө көз жумду. Бул тууралуу Kaktus.media коопсуздук органдарынын кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазды.

Басылмада жазылгандай, Абакиров Балыкчы шаарында коронавирустан каза болгон. Эртең, 16-октябрда, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Максат Абакиров өзүн криминалдык авторитет деп эсептечү эмес жана коопсуздук кызматкерлеринин мындай айыптоолорун анын кадыр-баркын түшүрүү максатында атайылап жасалгандыгын айтчу. Бирок ал Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here