Премьер-министр Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара алган жок. Бул тууралуу 15-октябрда анын маалымат катчысы Дастан Дүйшөкеев билдирди жана жолугушуу качан болору белгисиз экенин айтты.

Буга чейин айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here