9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада элүүдөн ашык бейтап дарыланып жатканын билдирген. Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табуу үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган.

Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискация кылган. Жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда.

Ал эми буга чейин Стамбулда алкоголдук ичимдикке уулануу үстүбүздөгү жылдын март айында да катталган. Анда жасалма аракка ууланган 60ка жакын түркмөнстандык ооруканалардын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийинчирээк алардын дээрлик көбү каза тапкан. Түркиялык маалымат каражаттары жабыркаган түркмөнстандыктар коронавирустан коргонуу үчүн жасалма арак ичишкенин жазып чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here