Жумгал районунун акими Адыл Сапаров орун басарлары Бакытбек Женалиев жана Фатима Өмүралиева менен ишке чыкты. Буга чейин белгилүү болгондой өлкөдөгү баш аламандыктан улам алардын орунда аким катары Надыр Бийсеев, анын орун басарлары болуп Мырзабек Өмүрбек уулу жана Өбөк Ниязовдор ээлеп алышкан. Алар өз эрктери менен кетишкен. Учурда аким Сапаровго райондогу бир катар жетекчилердин кызмат оордун карап көрүү сунаштары айтылууда. Буга чейин Кара -Кечедеги «Беш -Сары» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси да алмашты деген маалыматтар тараган. Чындыгында алмашпай эле, мурунку эле жетекчи ишин улантууда…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here