Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова 10-октябрда «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн добуш берген эмес. Бул тууралуу депутат “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн катышкан.

“Мен президент отставкага кетпесин деген позициямды билдирүү үчүн баргам. Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн маселе каралган учурда колумду көтөргөн эмесмин, колдобой да, каршы да болбой, калыс болгом. 6-октябрдагы жыйында мен чынында эле колдогом. Ал учурда президент калсын деген убадалар болуп, консенсус бар болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен ишемби күнү башкача сөздөр айтыла баштады. Мени бул кырдаал тынчсыздандырды”- деди эл өкүлү.

Строкова Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жолу толук курам менен жыйынга чогулушу керек деген пикирде. “Парламенттин көпчүлүк депутаттары чогулушу керек. Ишеним каттардын кереги жок. Коркоктук кылбай чогулуп, акыркы кырдаал боюнча чечим кабыл алыш керек”-деп кошумчалады депутат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here