Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты. Саясатчы бул тууралуу мындай оюн билдирди:

-Биздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, БШК учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Анткени, бүгүнкү күнү парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж. Мен БШКнын төрайымына арызымды да дал ушундай максатты көздөп, мандаттан баш тартканымды ачык билдирип жаздым. Эгер эртең алар бүгүнкү чечиминен баш тартып, мен бошоткон орунду да Текебаевге бербей, оюн кыла турган болсо, анда арызым күчүн жоготот…

Садык Шер БШКнын төрайымына арызын 12-октябрь күнү кечке жуук берген.

БШК 12-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин карап, бирок чечкен эмес. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганынан жана бош мандат жоктугунан улам чечим кабыл алынбаганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here