5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-октябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Чечимге ылайык Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалышат.

Султанбековго “5-9-октябрдагы массалык башаламандыкты уюштуруучу” катары айып тагылган. Адвокат сот чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга даттанаарын айтты. Сулатанбеков камалгандан бери аны бошотууну талап кылып, бийликти каргап-шилеп жаткандардын катары арбыды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here