Саясатчы Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алып келинип, ага «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктар боюнча иш козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Саясатчыга карата Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде иш ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдашты.

5-октябрдан 6сына караган түнү Бишкекте митинг болуп, тергелип-камалып отургандар түрмөдөн бошотулган. Алгач Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду, андан кийин дагы бир катар абакта отурган саясатчыларды бошоткон. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да болгон.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери Равшан Жээнбековду Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармаган. Учурда ал ИИМдин тергөө кызматында», — деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here