“Республика” партиясынын саясий кеңеши Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка шайлануусун мыйзамсыз деп эсептейт. Партиянын коомдук-саясий кеңеши 11-октябрда тараткан билдирүүдө премьер-министрдин талапкерлиги каралган отурумда кворум болбогону белгиленген.

Билдирүүдө: «Демек, өкмөт башчынын жана өкмөттүн курамы шайлануусунун легитимдүүлүгү шектүү. Буга байланыштуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн жокко чыгарып, мыйзам жолуна түшүүгө чакырабыз” деп жазылган.

Партия мындан тышкары бардык саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлерин чогулуп, тынч сүйлөшүүлөр аркылуу элдин ынтымагын, тынчтыкты сактап калуу аркылуу мыйзамдуулукка келүү зарылчылыгын белгилешүүдө. Ошондой эле күч кызматтарынын жетекчилерин, айрым саясий күчтөрдү оппоненттерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырышкан.

«Мындай аракеттер, тескерисинче коомдо чыңалууну пайда кылат. 5-октябрдагы нааразылык митингинин талабы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Бардык тараптарды эркин жана таза шайлоону камсыздоого чакырабыз. Элдин ынтымагы, тынчтык жана мыйзамдуулук бардык саясатчылардын жана саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан жогору болушу керек”, деп жазылган билдирүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here