Sputnik кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти. Бул тууралуу аталган маалымат агенттиги жазып чыкты. 
 
«Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылды.

View this post on Instagram

Sputnik кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти. Бул тууралуу аталган маалымат агенттиги жазып чыкты. «Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылды. Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти. Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда»,-деп билдирди Sputnik Кыргызстан. Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген. Булак: sputnik.kg

A post shared by @ chagylgan._kg on

https://www.instagram.com/p/CGJ_uffj8E_/
 
Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң «30 мүнөт убакыт беребиз» деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.
 
Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда»,-деп билдирди Sputnik Кыргызстан. 
 
Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.
 
 
Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here