Айрым маалымат каражаттары 6-октябрдан бери ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшканын жазып чыгышты.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Министрликтин жеке курамы башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып баруусун талап кылып жатышканын билдирди. Буга байланыштуу алар өздөрүнүн мүдөөсүн бүгүн, 9-октябрда Курсан Асановдун өзүнө айтып, аны имараттан чыгарып коюшту.

Бул маалыматты Курсан Асановдун өзүнөн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрдагы нааразылык митингдеринен кийин кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экени кабарланып, 6-октябрдан бери ишке чыкпаганы маалым болгон. Андан кийинки — министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов да 6-октябрдан бери жумушка келген эмес. Эми ИИМди дагы бир орун басар Мирлан Каниметов жетектеп калышы мүмкүн…

9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев 6-октябрдан бери ишке чыкпай жатканына байланыштуу, анын милдетин убактылуу аткаруу 1-орун басары Талант Салиевге жүктөлгөн. Бул маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев тастыктады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here