Жээнбеков өкмөттүн кызматтан кетиши боюнча жарлыкка кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында билдирүү чыкты. Конституциянын 65-87-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүнө, 13-берененин 1,4-пункттарына, 23-беренесинин 4-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» мыйзамга ылайык президент премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды.
Бул арызга ылайык өкмөт толук курамы менен кызматынан кетти деп эсептелет. Кол коюлган жарлык боюнча өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөт курамы дайындалгыча өз милдеттерин аткарууну улантышат.