Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровго карата актоо тууралуу өкүм чыкпаганын билдирди.

Жогорку соттун 9-октябрдагы маалыматында Садыр Жапаров жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралган айтылат.

Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган.

Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

К

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here