«Азаттык» радиосунун кабарчысы Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып жатканда митингчилер тарабынан түз эфирде коркутууга, кол салууга туш болду. 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Ага катышкан адамдар Жапаровдун бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылып жатышкан. Алар журналисттерге кандай жазыш керек экенин үйрөтүп, зекишкен. Буга чейин журналист Эркин Рыскулбеков да Садыр Жапаровду сындагааны үчүн коркутууга туш болгон айтып чыккан. Булардан башка да бир катар журналисттер Жапаровду өкмөт башчылыкка мыйзамдуу жол менен бийликке келиши керек экенин жазып чыгышканда, аларга да жаман, сөгүнгөн сөздөр менен «атака» кылышкан…

Белгисиз адамдар «Азаттыктын» кабарчысына келип: «Садыр Жапаров деп тема кой, «Азаттык» туура эмес чагылдырууда. Биз «Азаттыктын» кеңсесине барабыз. Бул жерден кетип кал!» — деп коркутушту.

Натыйжада кабарчы өз ишин токтотуп, митингден кетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here