Акыркы эки күндө вирус жуктуруп алып каза болгондордун саны өсүүдө. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1073кө жетти.  Акыркы суткада COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Каза болгондордун бири Ош облусунда, бири Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары болчу. Ошону менен жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1073кө жетти.

Бул августтан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Вирус жугузуп алгандан кийин каза болгондор буга чейин күн сайын 1-2 киши болсо, 7-октябрда бир суткада үч киши кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1073кө жетти. Акыркы күндөрдө коронавирус жугузуп алгандар да көбөйүп жатканы байкалууда. Соңку бир суткада вирус дагы 245 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here