9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Белгилей кетсек, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Бирок кечээ, 6-октябрда аны белгисиз адамдар УКМКнын тергөө абагынан бошотушкан.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here