Журналист Ыдырыс Исаков Оштогу кырдаал боюнча маалымат жазды. Анын жазгандарын төмөндлө өзгөртпөй беребиз:

Дүйшөн Төрөкулов «Душка» өзүн Оштун убактылуу мэри деп жарыялады. Бирок аны Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бул орунга шайлаша элек. Мурунку мэр кызматтан кетүү тууралуу арыз жаза элек. Төрөкулов өз аракети мыйзамсыз экенин мойнуна алып, аны өлкөдө мыйзамдар иштебей калганы менен түшүндүрдү.Маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Калмамат Анапияев өзүн Ош облусунун губернатору деп жарыялады. Бирок аны бул орунга беките турган өкмөттүн өзү жок. Мурунку губернатор кызматтан кетүү тууралуу арыз жаза элек. Демек анын аракети да мыйзамсыз абалда. Ал арада. Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов Түркиядан учуп келип, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын өзү көзөмөлгө аларын жарыялады. Өлкөдө мындай кызматтын өзү жок. Демек Мырзакматовдун аракети да мыйзамсыз. Ал гана эмес өлкө түштүгүндөгү үч облусту бөлүп, үчөөн дүңүнөн башкаруу кооптонтуп турат. Кыскасы, азырынча булардын баары мыйзам талаасынан четтеп кетишти. Ошентсе да Ошто жапырт тоноочулук, бейчекилик, тартип бузуу болгон жок. Абал тынч. Ошонусуна шүгүр.

Ыдырыс Исаков. журналист.

Опубликовано Ыдырысом Исаковым Вторник, 6 октября 2020 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here