6-октябрда кечинде «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясы уюштурулган. Анын жүрүшүндө спикер Дастан Жумабеков кызматын тапшырып, анын ордун Мыктыбек Абдылдаев ээледи.

Мындан кийин депутаттар Кубатбек Бороновдун отставкага кетүү туралуу арызын карап, Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланган болчу.

Талкуу учурунда имаратка адамдардын тобу кирип келишти. Алар ага чейин мейманкананын жанында жүрүшкөн. Алардын колунда таяк жана таштар бар.

Бул учурда Ташиев менен Жапаров кошумча эшиктен сыртка чыгып кетишти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here