«Биримдик» партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоо курч өткөнүн, шайлоочулар активдүү катышканын билдирди. Зулпукаров шайлоодо утуп чыгарына алдын ала ишенгенин, буга партияга күчтүү команда түзүлгөнү себеп болду деп айтты:

«Добуш берүүдө биздин партияга административдик кысым колдонулду. Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында бул байкалды. Биздин партиянын өкүлдөрү ага байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссиясына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууларды мыйзам чегинде чечүү керек».

Төрөбай Зулпкукаров «түрдүү бут тосууларга, партияны жаманатты кылуу аракеттерине карабай, ишеним артып, шайлап берген» шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here