«Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү бүгүн, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында мөөнөтсүз митингге чогулушту.

Саат 12:00дө аянтка шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон башка партиянын өкүлдөрү да келди.

Митингдин катышуучулары Аксы жана Апрель окуяларында каза болгондордун жаркын элесине тургузулган монументтин жанына топтолушкан. Бирок белгисиз адамдар чогулгандарды монументтин жанынан кетүүнү талап кылышты.

Алар: «Бул жерде биздин жакындарыбыздын каны төгүлгөн», — деп кыйкырып жатышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here