Республика боюнча саат 12.00гө карата жарым миллиондон ашык, 624 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 17,73 пайызын түзөт.
Аймактар боюнча статистика:
- Бишкек — 84 106 же 16,9 пайыз;
- Ош — 37 860 же 21 пайыз;
- Жалал-Абад облусу — 124 124 же 19,45 пайыз;
- Ысык-Көл облусу – 47 971 же 16,5 пайыз;
- Нарын облусу 32 миңден ашык же 18,31 пайыз;
- Ош облусу – 120 423 же 17,64 пайыз;
- Талас облусу – 28 130 же 18,88 пайыз;
- Чүй облусу — 99 013 же 16,88 пайыз;
- Баткен облусу – 46 610 же 17,45 пайыз.
Жарым саат мурун Европада 8 шайлоо участкасы ачылды. Чет мамлекеттеги шайлоо участкалары Бишкек убактысы боюнча түндө саат 3.00дө ачылган, акыркысы Вашингтондо эртең менен саат 6.00дө жабылат.