Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 244 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 4-октябрда билдиргендей, илдет жугузуп алгандар Жалал-Абад облусунда басымдуу. Бир күн аралыгында Жалал-Абадда 79, Ош облусунда 62, Баткен облусунда 33, Бишкекте 26, Ошто 25, Чүй облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда алты, Нарын облусунда үч, Талас облусунда эки кишиден вирус табылды.

Акыркы күндөрү өлкөдө коронавируска чалдыккандар барган сайын көбөйүүдө.

Март айынан бери вирус жугузуп алгандар 47 428 кишиге жетти. Анын 43 418и айыкты. Учурда 1078 бейтап стационарларда, 1411 киши үй шартында дарыланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here