Бүгүнкү каарманыбыз  турмушта эки жолу жаңылып , үчүнчү жолу бактысын сынап көргөн экен… Буга чейинки жана учурдагы жашоосу тууралуу Сымбат айым болгонун ачык айтып төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.

-Кудай мага үй-бүлөлүк бакытты буюрбаса керек… Ачыгын айтсам деги эле эрге жарыбай койдум. Биринчи күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жактырып эле турмуш курган элек. Анын жеткен катынпоз экенин кечирээк байкап  калгандан кийин чыдай албай ажырашып кеттим. Андан көңүлүм катуу калса керек. “Эркектин баары эле ушундай болсо керек” деп эч ким менен таанышпай бир топко чейин жалгыз бой жүрдүм. Акыры бир курбум “минтип жүрө берсең ден соолугуңа зыян болот” кайра-кайра айтканынан экинчи жолу эрге тийдим. Ал колунан эркекке тиешелүү бардык иш келген иштерман жигит эле. Жашаганыбызга эки жыл болсо да эмнегедир наристе жытын искей албай койдук. Ошондо биздин жеке турмушубузга энесинен тышкары эже-карындаштары да кийлигише баштады. Бечара кимибизге болушарын билбей ортодо аябай кыйналып кетти. Акырында өзүн таштап ичкиликке жакын болуп кетти. Бир күнү мас болуп келип:

-Досторумдун баары катары менен балалуу болуп жатышат. Сендей туубас катындын айынан ага-туугандарымдын баарына жаман көрүнүп бүтмөй болдум. Жогол, энеңди!-деп кыжырыма катуу тийди.

Мурдатан ызаланып жүргөндүктөн мен да жөн калбай:

-Андай кыйын экенсиң… Буга чейин эле туудуруп салбайт белең!-дедим намысына тийип.

Бул сөзүм ага катуу тийди окшойт. Ызырынып чала-була көчүктөн ары бир тепти. “Ары жок. Сен мага кол көтөрүп калдыңбы,ыя?!-деп ач айкырыкты салып алка-жакадан алып түртүп жибердим. Бутун араң сүйрөп ордунда теңселип араң турган неме чалкасынан кулап түштү. Менден мындай каршылыкты күтпөсө керек. Кайратынан кадимкидей тая түшүп, эптеп оозун кыбыратып сөөмөйүн кезеп , ошол бойдон жаткан жеринде бырылдап уктап калды. Эртеси кеп-сөзгө келбестен түйүнчөктөрүмдү жыйнап алып кетип калдым. Ошол бойдон андан биротоло кол үздүм… Менин үй-жайы, бала-бакырасы жок батирде жалгыз жашаганым апама эч жакпагандыктан ачык айтып:

-Кызым, жаштыгың барда бирөө менен кол кармашып кетпесең кийин кеч болуп калат. Төрөттөн да кыйналасың. Жакшылап ойлончу-деди капа болуп.

-Апа, ушуну менен эки эрден чыктым. Эми мени ким алмак эле?-дедим ыйламсырап.

-Бактыңа дагы бирөө тургандыр. Албаганда…-деп сөзүнүн аягына чыкпай көзүнүн жашын шорголотуп ары басып кетти.

Апамдын мындай аянычтуу абалын биринчи жолу көргөндүктөн ага зээним кейип кетти. Бир аз ойлонгон соң сөзсүз турмушка чыгарымды айтсам байкушум кадимкидей сүйүнүп калды. Кантсе да эне да… Үзүлбөгөн үмүт менен үчүнчү жолу күйөөгө тийдим. “Багы жокко дагы жок” болуп мунусу жеткен жемекор болуп чыкты. Үйдөгү майда-барат нерселерге кийлигишип таптакыр айламды кетирчү болду. Күн сайын эбиреп кулак-мээмди жеп чарчатканда чыдай албай:

-Катындан айырмаң жок экен! Мындан көрө бир муштап жиберсең жакшы болмок-дедим ачуум келип.

-Мен катынга эч кол көтөрбөйм… Экинчи минтип сүйлөбөй жүр-деп бир сыйра эскертти.

Анын айтканына макул болгондой түр көрсөтүп унчукпай башым ийкеп тим болдум… Андан бери арадан беш жыл өттү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Эне болуу бактысына ээ болдум. Элден кем калышпай жашап атабыз. Бизде баары жетиштүү…  Бирок жемекор күйөөмдүн уу тилинен эч кутулбас болдум. Эми дагы эрден чыгып элге жаманатты болгум келбейт. Эмне кылсам экен?..

                                               Даярдаган: Нурпери  ИСАБЕКОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here