Биринчиден, 2010-жылы, апрель окуяларынан кийин, мамлекетибиз таланып, тонолуп, үй-бүлөлүк — кландык башкаруудан арыла албай, элибиздин жаны кыйналып, мамлекетибиз чайналып турганда, бир эмес эки ыңкылапты баштан өткөрүп, өлкөбүз жараланып турганда, башчыларыбыз мамлекеттик башкаруунун көзүн таппай карайлаганда, элибизге жарык нур чачып, дем берип, жаңы күч болуп, келечекке үмүт берип, булуттан чыккан күнгө окшоп, жылуулук тартуулаган, жаратман, жүрөгүндө жалыны, көзүндө оту бар жаштардын башын бириктирип, алдыга ишенимдүү кадам таштаган партия бул жалгыз гана — «РЕСПУБЛИКА» партиясы болгон!

Партия тез арада калың катмардын колдоосуна ээ болуп, эбегейсиз популярдуулукка жетип, шайлоого аттанып, ийгиликке жетишип, “чү” дегенде эле аты чыккан партиялар менен тең тайлашып, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо 23 мандат алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде татыктуу орун алганга жетишкен!

Экинчиден, берген убадаларына партия бек туруп, анын бир тобун иш жүзүнө ашырган!

Партиянын аракетинин негизинде төмөнкү чаралар көрүлүп, иш жүзүнө ашырылды: 

  • Кыргызстандыктардын турмушун жеңилдетен 15 мыйзам сунушталды;
  • депутаттардын айрым артыкчылыктары кыскартылды;
  • калкты тейлөө борборлору ачылды;
  • бюрократияны кыскартты;
  • аз пайыз менен ипотека сунушталып ишке ашырыла баштады;
  • 7 пайыздык агрокередит иштелип чыкты;
  • “Техосмотр” аталган коррупциялык элементи бар система жоюлду;
  • 49 мамлекет менен болгон визалык милдеттенмелер алынып салынып, ошонун негизинде чет элдик туристтердин биздин өлкөгө келүүсү көбөйдү.   

Үчүнчүдөн, «РЕСПУБЛИКА» бул сөз гана эмес иш жүзүндө РЕФОРМА жургузуу колунан келээрин далилдеген партия! Дагы да болсо реформа жазоого дарамети күч, эрки бар, күчү дагы акылы дагы жете турган, командасы дагы даяр партия бул – “РЕСПУБЛИКА”!

Алдыдагы боло турган шайлоодон ийгиликтүү өтүп, жеңишке жеткен учурда, “РЕСПУБЛИКА” партиясы төмөнкү конституциялык реформалык кадамдарга даяр:

  • Мамлекеттик  башкаруу системасын так аныктоо, “Республика” партиясы  парламенттик башкаруу үчүн;
  • 120 депутаттын ордуна 75 мандаттуу Жогорку Кенеш келет;
  • 16 министрликтин ордуна 7 гана министрлик сунушталат;
  • УКМК, ПРОКУРАТУРА жоюлат;
  • соттун көз карандысыздыгы күчөтүлөт;
  • Каржы жана ИИМ министрин оппозициядан көрсөтүүнү сунуштайт;
  • мамлекеттик органдарга массалык маалымат каражаттарына ээлик кылууга тыюуу салуу жагы каралат.

Төртүнчүдөн, «РЕСПУБЛИКА» — элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо, Ата-Журт партиясы менен биргеликте күчүндө болуп турган бийликтин партиясы менен тең ата болуп, татыктуу экинчи орунда келип, 28 мандатка ээ болгон партия! Кийинки 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоодо “РЕСПУБЛИКА” партиясынын лидери экинин бири болуп, 600 минден ашуун добуш алып, калын катмардын ишенимине ээ болду!

Бешинчиден, «РЕСПУБЛИКА» партиясы бул өлкөбүзгө лидерлерди тартуулаган партия!

«РЕСПУБЛИКА» партиясынын казанында кайнаган, тарбияланган, бышкан эр-азаматтар, ар бири өз алдынча лидерге айланып, топ жарып, өз алдынча партияларды башкарып турган чактары.

Алтынчыдан, партиянын  Программасы башка саясий партиялардын программаларынан реалдуулугу, эл мүдөөсүнө туура келгендиги жана учурдун талаптарына жооп бергендиги менен айырмаланып турат!

Жетинчиден, «РЕСПУБЛИКА» партиясы менен 2010- жылдан бери байланышым бар, ар бир иш-чарасына активдүү катышып келе жатам, колдон келишинче партиянын ишине салымымды кошуп келем. Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Токтогулович Бабановдун 2010-жылдагы парламенттик ишмердүүлүгүндөгү жардамчысы, кеңешчиси болгонума, жана «Республика» фракциясынын катчылыгынын эң биринчи жетекчисинин кызматын аркалаганыма,  андан кийин Өкмөт башчылык кызматка барганда, ал кишинин жардамчысы жана Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштегениме мен эч качан өкүнбөйм, сыймыктанам, баалайм!

Мен «РЕСПУБЛИКА» партиясын тандагам жана бирге болом!

Туура тандоо — Татыктуу жашоо!

“РЕСПУБЛИКА” партиясы татыктуу партия!

АБЫШЕВ Кылычбек Асаналиевич

«РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын                 Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер, Юрист, Укук тануунун магистри, Кыргыз Республикасынын Юстициясынын мыкты кызматкери,                         Мамлекеттик кызматтын 1 чениндеги кенешчиси.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here