Аккан арыктан суу агат…

 Экономика илимдеринин доктору, профессор, КРнын экономикасына эмгек сиңирген ишмер, ЖКнын 2 жолку чакырылышынын депутаты болгон Элмира Жумалиеванын атасы убагында аскер коммисариятында, КГБнын (УКМК) Москвадагы штатына, штаттан тышкаркы мүчөсү, райондук, областтык, партиялык комитеттеринде бөлүм башчы, мектепте завуч, директор, СПТУда (лицей) парторг, завуч, директор болуп эмгектенген. Ушундан улам “Аккан арыктан суу агат” демекчи, атанын жолун жолдоп, атанын кызы аталып, эл жүгүн мойнуна алууну эп көргөн Элмира айым Айыл чарба институтунун экономика факультетин бүтүрүп 40 жылга тете эмгек жолу, колхоздун экономистинен башталып, Фрунзедеги долбоорлордогу изилдөөчү кеңсесинин инженер экономисти, “Агрардык университетинин” экономика кафедрасынын улуу окутучусу, кафедранын доценти, илим башкармалыгынын жетекчиси, кафедра башчысына чейин жетип, кандидаттык, андан кийин докторлук дессертацияларын ийгиликтүү жактаган. Кийин экономика жана бизнес факультетинин деканы болуп, чоң коллективди жетектеп, студенттердин агрардык экономика жагынан билим алууларына көмөктөшүп келген. Айыл чарбасынын экономикасына чоң салымын кошуп, чоң окумуштуунун катарын толуктады. 2010-жылы ЖКнын 5-чакырылышына депутат болуп шайланып, депутат кезинде 27 мыйзам долбоорун киргизип, аларга демилгечи болгон.

 Талас районунун социалдык объектилеринин курулушуна жана ар бир объектилердин капиталдык ремонтуна колунан келген жардамын берип келген.

   Ал эми өмүрлүк жары Камчыбек Узакбаев медицина илимдеринин доктору, профессор, билимдүү мыкты инсан. Эне жана балдарды коргоо борборун жетектейт. 36 жылдан бери чогуу түтүн булатып, эки уул, бир кыз, үч неберелүү болушкан.

Элибиздин эмгекчил кызы

Кандай гана инсан болбосун анын басып өткөн турмуш жолу, коомчулуктагы орду, калк арасындагы кадыр-баркы, жыйнаган рухий дөөлөттөрүнүн олуттуу үлүшү, далай кылымдарды карыткан адамзаттын бай тажрыйбасы көрсөткөндөй үй-бүлөнүн ынтымагына, эриш-аркактыгына, калыптанган адамгерчилик асыл сапаттарына жана үлгүлүү жактарына байланыштуу болот эмеспи. Ушул өңүттөн алганда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Элмира Жумалиеванын басып өткөн жолу башкаларга кыйла үлгү болчудай…

Элмира Жумалиева өзү билим алган К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде  узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, илимди ийне менен кудук казагандай казып, натыйжада: экономика илимдеринин  доктору, профессору  болду. Ал аталган окуу жайда катардагы окутуучудан тартып, илимди башкаруу бөлүмүнүн башчысы, кафедра башчысы, факультеттин деканы сындуу жооптуу кызматтарды аркалады.  2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 5 –чакырылыштын эӊ активдүү депутаттарынын бири боло алды.  Окумуштууларды чыгаруу боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү  катары  илим чөйрөсүндөгү реформалана турган көптөгөн көйгөйлөр менен биргеликте  маданият тармагын жөнгө салуу боюнча өзүнүн омоктуу ойлорун сунуштап, ишке ашырууга тынымсыз аракет кылып келет.

Илимде багынткан ийгиликтер  жана маӊыздуу мыйзамдар

 Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда элге зарыл болгон мыйзамдарды жазууга жана аларды жүзөгө ашырууга жетишкен, тактап айтканда, 27 мыйзамдын автору болуп, КРнын Бюджеттик кодексин жетектеп, парламентке ошол учурда жаңылык киргизет.  Өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, айыл чарбасынын экономика тармагына, жаштарга билим берүүдө жана атуулдукка тарбиялоодо, гендердик маселени көтөрүүдө баш-оту менен киришип, көмөктөшкөн. е ГМО кошулган азык-түлүктөрдү өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө, ташууга, сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун, андан тышкары Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан алынуучу 20 пайыздык салыкты жоюуга жетишкен.

Элмира Жумалиева – интеллектуалдык деңгээли жогору, үй-бүлөсүндө жана коомчулукта өз орду бар, жасаган эмгегинин жана адамгерчилик асыл сапаттарынын аркасында элинин урмат-сыйына арзыган кыргыздын таланттуу, окумуштуу кыздарынын бири.     Окумуштуунун калеминен 100дөн ашык илимий эмгектер  жаралып, анын ичинен 6 монография, 20 окуу-методикалык колдонмолор жарык көргөн. Экономика багытындагы адистерди даярдап чыгаруу менен бирге, ал ар тараптан өнүккөн, рухий дүйнөсү бай, дүйнө таанымы калыптанган, адеп-ахлактуу инсандарды тарбиялоого көп эмгек жумшады.

         Кылмыш, Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды кечүү мыйзамын жазган. Ал жазган Бюджеттик кодекстин долбоорунун максаты бюджетти даярдоонун жана аткаруунун так жол-жоболорун белгилөө, бюджеттик негизги принциптерди бекемдөө, бюджеттер ортосундагы өз ара мамилелерди, ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетти калыптандыруу, бекитүү жана агартуу процессиндеги ролун аныктоо болуп эсептелген. Мунун өзү келип чыга турган карама-каршылыктарды жана ар кандай түшүнүктөрдү четтетүүгө, бюджеттик мамилелерди, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелер системасын толук кандуу түзүүгө, финансылык агымдарды өнүктүрүү максаттарына багыттоо жана бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоону жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген.

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин бириктирилген жаңы редакциясынын жоболорун өркүндөтүү боюнча иштин жүрүшүндө мурунку 2-варианттан 59  берене алынып, 24 жаңы берене киргизилген. 102 беренеге редакциялык түзөтүүлөр кошулган. Кодекстин долбоорунун түзүмү 10 бөлүмдөн, 30 главадан жана 126 беренеден такталып өзгөртүлгөн. Аталган кодекстин долбоорунун ар бир беренесине жазылган маселелердин маанисин, юридикалык тактыгын жана редакциялык тууралыгын тактоо боюнча абдан көлөмдүү жумуштар аткарылган. Бюджет жана финансы боюнча комитет тарабынан кодекстин долбоорунун түшүндүрмө аппараты бюджеттик резолюция, грант, ыктыярдуу төгүмдөр, алынган расмий трансферттер терминдери менен кеңейтилген бюджеттик кодексти жетектеп, биринчи окуудан өтүшүнө демилгечи болгон. Республикага келип жаткан гуманитардык жардамдардын сапатын аныктоо учетун жана алардын калкка жеткирилип жатканын текшерүүгө алган.

                  Айдарбековду аздектеп, китеп жазган

Руханий дүйнөдөгү улуу мурастарды унутта калтырбоону көздөп, тарыхый инсандарды изилдеп, аларды элге таанытуу максатында эмгек жазып, кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири Иманалы Айдарбеков жөнүндө архивдик материалды чогултуп “Биринчи инсан”  деген эмгектин автору болгон. Иманалы Айдарбековдун ысымын Аламүдүн районундагы мектепке ыйгарууга, аталар аллеясына анын эстелигин коюуга жетишкен.  Бул жашоодо Элмира Бусурманкуловнанын ак эмгекти, аруу пейилди туу тутуп, кимге болсо да тик карап, таамай айткан тайманбастыгы, баарына тең караган калыстыгы, качан болсо да адамдык касиет, абийир үчүн чыркырап карманган чындыгы, анын мыкты асылзат экендигинен кабар берет.

                                       Кайрымдуулук жана камкордук

        Ак пейилден кызмат өтөө, келечегибиз болгон ыймандуу, билимдүү жаштарыбыздын ар бир кадамын колдоп, туура таалим-тарбия алышына камкордук көрүү Элмира Жумалиеванын турмушка калтырган изи, өтөлгөлүү өмүрү. Ал депутаттыктан кеткенден кийин да багар-көрөрү жок улгайган адамдарга жана жетим балдарга кол сунуп, кайрымдуулук иретинде кийим-кече, тамак-аштан колдоо көрсөтүп турганы анын адамгерчилик жогору сапатын айгинелейт.

Эл өкүлү катары учурунда мектептердин, бала бакчалардын, спорт мектептеринин имараттарын курууда жана ага ремонт иштерин жүргүзүүдө каражат бөлдүртүүгө жетишкен. Анын жардамы жана жеке көзөмөлү менен 3 мектептин имараты курулган. Кайрымдуулук иретинде өз чөнтөгүнөн да аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөктөшүп турган. Дүйнө элин каптаган пандемиянын Кыргызстанга келиши менен элге жардам иретинде  300 миң сомдук азык-түлүктөн кезектеги көмөгүн көрсөткөн.      

   Элмира Бусурманкуловна – жөнөкөйлүк менен билимдүүлүктүн, сабырдуулук менен токтоолуктун, ар намыстуулук менен интеллектуалдуулуктун, ширелишкен жеринде, тогошкон тоомунда парасаттуу да, нарк-насилдүү да өмүр кечирип келе жатат. Калк назарына түшүп, эл өкүлү болуп шайлануу үчүн Элмира Бусурманкуловнадай ар тараптуу мол тажрыйбага ээ болуу өтө зарыл сапат.

      Ал улуу-кичүү жарандардардын урмат-сыйына арзып, ички рухунун бийиктиги, адамдык ыйманынын тазалыгы менен замандаштарга үлгү болуп, илимдүүлүктүн жолун пир тутуп, андан мартаба таап, аруу инсан катары парасаттуу өмүр сапарын  арытып, өжөр эмгек жана жөндөмдүүлүк гана адамды муратына жеткирерин үлгүлүү өмүрү менен айкындап келе жатат. Чынында элибиз элибиз мына ушундай адамдардын ак кызматына  муктаж…

                                                                                        Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here