—Жеӊиш мырза, Өкмөттүк стурктураны өзгөртүү жана кадрларды тандоо боюнча кандай кадамдарга барышыбыз керек?

-Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жылга жакын мезгил болду. Андан бери 31 — премьер-министр иштеп жатат. Демек, мамлекетте 31 жолу өкмөттүн структурасы өзгөргөн. Бирок жыйынтыгын көрө алган жокпуз. Мен бул маселени  сандар менен айтканга аракет кылайын. Мамлекетибиздеги  2265 мектепте жалпысынан 1 млн. 300 миң окуучу окуйт. Ошол эле учурда 100 миңден ашыгы мектепке барбайт. Окуучуларды 100 пайыз толук кандуу  окутканга 600 мектеп жетишпейт. Жалпы бала-бакчаларыбыздын саны 1349. Мамлекетибизди толук бала-бакча менен камсыздоо үчүн дагы 1800 бала-бакча курушубуз зарыл. Себеби, бала-бакчага барбаган балдардын саны болжол менен 600 миңге чамалайт. Буга мамлекеттин чамасы жетпейт! Азыркы өкмөт менен муну ишке ашыра албайбыз. Себеби кадр жок!

  Чек арасы боюнча айтсам 505 чакырым талаштуу жерлер чечилген эмес. Бул маселени чечүүгө саясый эрк керек! Дагы бир чоң көйгөйду айтпасак болбойт, Кыргызстанда 75 миңден ашуун  мугалим бар. Алардын айлыгын шайлоонун алдында көтөрөбүз. Шайлоодон кийин айлыгын төмөндөтүп, инфляция менен теңеп коёбуз. Бир сөз менен айтканда мугалимдер менен дарыгерлер үчүн мыкты мыйзамдар керек болуп турат. Анткени, бул эки чоӊ тармакта теӊ чечилбей жаткан көйгөйлөр көп…

Жакырчылык маселесин кантип жоёбуз?

 —Өлкөдө 650 миңге жакын пенсионерибиз, пособие алган 370 миң жараныбыз, 120 миң майып адамдарыбыз бар. Алардын баары жакыр жашайт. Өлкө боюнча алганда жалпысынан 1 млн. 300 миң адам жакыр жашоодо жашайт. Анын ичинен 83 миң адам өтө жакыр турмушту кечирип келет.  Айрыкча пандемия учурунда   нанга, сууга жетпеген адамдарды көрбөдүкпү. Ошол учурда нандын, сүттүн баасы канча экендигин билбеген биздин өкмөт мүчөлөрү менен парламенттин өкүлдөрү бийликте олтурат. Демек, алар ээлеген кызматтарына татыктуу эмес.  Азыр иштеп жаткан  25 министрлик бул өтө көп!  Өкмөттүн структурасына алып келген адамдарды кандай критерийдин негизинде тандап алышыбыз керек? Мунун эң жөнөкөй мыйзамдуу жолу бар. Бул-мамлекеттик кадр кызматы. Ал жерде саясий кызматтарды тандоого укугун алып салышкан. Мына ошол укукту беришибиз керек! Себеби, министрлик орун — бул саясий кызмат болуп эсептелинет. Кайсы министрликке кандай кадр  жана ал кантип тандалып жатканын жакшы билебиз. Кадр тандоодо таяке-жээн, куда-сөөк деген болбошу керек!  Тандоо критерийи тууралуу айта турган болсок 2011-жылдын башында сотторду тандоо түз эфирде кандай жүргөндүгү элге маалым болсо керек. Ошон үчүн министрлерди да тандоону түз эфирден көрсөткөнүбүз оң деп эсептейм. Буга чейин парламенттик комитетте экономика министри, вице-премьер-министр олтуруп депутаттардын суроолоруна жооп бере албай жатканын көрдүк.  Ушундай көрүнүшкө жол бербеш үчүн биздин сунушубуз-түз эфирде онлайн тандоо жүргүзүлүшү керек. Мындай тандоо тааныш-билиштикке бөгөт коёт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here