Кудайдын кулагы сүйүнсүн кыргыз деп күйгөн, чыныгы мекенчил эр азаматтарыбыз арбын. Алардын катарында  Нишанов  Нургазы Нурланович да бар. Бул жигитти элибиз жакшы тааныйт, сыйлайт.  Анткени, ал  жаштайынан мамлекеттик кызматтарды аракалап, өзүн иштин көзүн  билген, мекенчил инсан катары  иш жүзүндө  көрсөтүп келет.  Биздин каарман 1983-жылы Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. 2007-жылы Ош мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча билим алган. Эмгек жолун 2007-жылы жеке ишкер катары баштаган.

 Жеке ишкерлик кылып жүргөн кезде эле өлкөбүздөгү чечилбеген көйгөлөрдү чечүү үчүн өз салымын кошуп, коомдук иштерге активдүү катышып  келген. Бүгүн биз  келечегинен көптү үмүттөндүргөн эл уулу тууралуу азыноолак кеп кылмакчыбыз.

                  Шаардык кеӊеште шаар көйгөйүн чечкен төрага

   Билимдүү, демилгелүү, жаштардын арасынан сурулуп чыккан, камчыга сап Нургазы мырза 2012-жылы Жалал-Абад шаардык кеӊешине депутат болуп шайланган. “Саясат менен алектенбесеӊ, саясат сени менен алектенет” – деген сөздүн маанисин тереӊ түшүнгөн Нургазы мырза, 30 жашка толо элек кезде чоӊ саясатка аттанып, элдин эчен жылдан бери чечилбеген көйгөлөрүн чечүүгө билек түрө киришкен.  “Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миӊди жыгат” – дегендей Нишанов шаардык кеӊештин депутатты катары алгачкы күндөн тартып жигердүү иштеп, бир топ алгылыктуу иштерди ишке ашырып, бат эле элдин оозуна алынган. Демилгелүү депутаттын иш билгилигин байкаган бийлик 2013- жылы мамлекеттик кызматка чакырып, “Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары кылып дайындаган. Буга чейин маалым болгондой аталган ишканага коомчулукта бир топ сындар айтылчу эле.  Себеби, коррупциялык схемаларга жол берилип, ал аз келгенсип, элге көрсөткөн кызмат үчүн ай сайын төлөнчү төлөмдөрдү да толук чогулта албай артта калган ишкана катары коомчулуктун жана жогорку бийликтин катуу сындарына кабылган. Ошондуктан, артта калган ишканага жаӊыча көз караш менен иштеген инсан керек эле.  Ал чоӊ ишканада 2 жылдай иштеп, бир топ тажрыйба топтогон Нургазы Нишанов 2014-жылы  Жалал –Абад шаардык кеӊешинин төрагасы болуп шайланды.  Албетте, бул чоӊ сыноо жана чоӊ ишенич эле.  Нургазы мырза, бул кызматта эки жылдай эмгектенип, Бишкек менен Ош шаарынан кийинки эле мамлекеттик мааниде сататусу бар  Жалал-Абад шаарындагы чоӊ көйгөлөрдү чечүүгө, шаарды экономикалык жактан өнүктүрүүгө бирден бир жооптуу адам катары жигердүү  иштеп, бир топ алгылыктуу иштерди ишке ашырганга чоӊ салым кошту

Сөзүбүз кургак болбош үчүзн алардын айрымдарын учкай айта кетели: Айтылуу “Курманбек “стадиону  миллиондогон каражатка реконструкция болуп, Жалал-Абаддын жаштары жана спортчулары үчүн жогорку деӊгээлдеги шарт түзүлдү.  Маалым болгондой ал көзгө басар стандионго жеке эле спорттук иш-чарага гана эмес, мамлекеттик маанидеги чоӊ-чоӊ иштер да байма-бай өткөрүлүп келет. Андыктан, стадиондун капиталдык оӊдоодон өткөнү бир гана Жала-Абад облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн мааниси чоӊ экенин унутпашыбыз абзел.  Мунун менен бирге шаардагы борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ленин көчөсү да кеӊейтилип, шаардыктардын көптөн күткөн тилеги ишке ашты.

Нишановдун демилгеси менен Жалал-Абаддагы ар кандай жолдор менен менчикке өтүп кеткен  бир катар социалдык обүектилер мамлекетке кайтарылган. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы №6-мектептин курушулу башталып, шаардагы  жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасы жаӊы техникалар менен камсыз болгон.  Бул иштерден тышкары, Жалал-Абад шаарынын экономикасын көтөрүүгө тартылган ички жана сырткы инвестиция 12 пайызга өскөн. Мына ушул сындуу алгылыктуу иштерди аткарып, элдин ишенимине ээ болгон Нургазы мырза 2015-жылы чоӊ саясаттын “кайнаган жери” Жогорку Кеӊештин депутаты болууну көздөйт.

           Эл ишенген жана өкмөт баалаган эл өкүлү

  Жогорку Кеӊешке 32 жашында депутат болуп шайланган Нургазы Нишанов Жогорку Кеӊештеги активдүү, демилгелүү депутаттардын бири болду. Ал айрым кесиптештерине окшоп, популисттик кадамдарга барып, болбогон  маселени көтөрүп, сүйлөгөн жок.

Анын ЖК трибунасынан көп көтөргөн темасы өлкөдөгү эӊ көйгөлүү болуп эсептелген электр энергиясы тармагы болду. Бул тармактагы коррупцияны жоюу жана ишти жакшыртуу сунаштары өкмөт тараптан колдоого алынып турду. Бул маселелерден тышкары, маданият тармагынын да көкөйдү кескен көйгөйлөрүн айтып, бул тармактын  кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү бир нече ирет сунуштап чыккан. Ошондой эле облусттук ТВларда иштеген кызматкерлердин кыскартылышына каршы чыгып, алардын укугун коргогон бирден бир депутат болгон. Бир катар аймактардагы узак жылдан бери чечилбей келген социалдык маселелерди чечүүнү байма-бай көтөрдү. Бир катар  кесиптештери менен биргеликте өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган маанилүү мыйзам долборлоруна автор болду. Өкмөт демилгеси күчтүү, жаш болсо да тажрыба топтоп, такталып, жетекчилик  таланты ташкындап турган Нурганыз мырзаны 2017-жылы  иши анчалык жүрүшпөй, көйгөйү көбөйүп, артта калып келаткан “Кыргызжылуулук энерго” мамлекеттик ишканасын генералдык директорлук кызматын сунушташкан.

                     Ар бир үйдү жылуулук менен камсыздап…

    Ошентип, 2017-жылы өкмөттүн сунушу менен  “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасын шайлоо өнөктүгү башталганча жетектеп келди. Маалымат үчүн айта кетсек, бул ишканага  мамлекеттик ишканалар менен турак — жай обьектилерди жана жеке сектордогу тургундарды кыш мезгилинде жылуулук менен  талапка ылайык камсыздоо милдети жүктөлгөн.  Бул ишканада жалпысынан  131 откана бар. Ал эми  жылуулук түтүктөрүнүн  жалпы узундугу 343,4 чакырымды түзөт. Бирок бул ишкананын көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрү көп экени коомчулуука маалым болуп келген. Нургазы Нишанов акыркы эки жарым жылдан  бери бул ишканынын көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрүн чечип, элдин ишенимине киргизе алды. Эмнеге дегенде мурун бул ишканага ишенич азайгандыктан, көптөгөн абоненттер ишкананы көрсөткөн кызматынан баш тартышкан учурлар болду. Акыркы эки жылда иш кыйла жакшыргандыгына байланыштуу абоненттер көбөйдү.

Аткарлыган айрым иштерди жазалы: Биринчи кезекте жаш жетекчи, ошол тармакта иштеп жаткан кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртканы аракет кылып,  чет мамлекеттерге  жумуш иштеп кетишкен бир топ адисттер  кайра өз жумуш орундарына кайтышты. Союз мезгилинен бери иштебей турган 50дөн ашуун от каналар ишке киргизилди. Жалал-Абад шаарында 16 көп кабаттуу үйлөр жылуулук түйүнүнө туташтырылды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда 13 даана, Жалал-Абад облусунда 24 даана, Ош облусунда 2 даана, Талас облусунда 8 даана, Чүй облусунда 4 даана эскилиги жеткен отказандар алмаштырылды. Бул жаш жетекчинин ишмердүүлүгүн бир гана үзүмү болду. Негизи келечегинен көптү үмүттөндүргөн Нургазы Нишановдун жалпы кыргыз эли үчүн жасай турган асыл эмгектери али алдыда. Кеп соӊунда, элибизге тынчтык тилеп, элдин жүгүн көтөрүп жаткан Нургазыдай жигиттердин ишине ийгилик каалап коелу.

                             Спортко кошкон салымы

Нургазы Нишанов столдук теннис федерациясын Жалал-Абаддагы филиалын жетектейт. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу акыркы эки жылда, Жалал-Абаддык жаш теннисчилер республиканын чемпиону болушту. Мындан сырткары Н. Нишанов  жергиликтүү эркин күрөш федерациясын жетектеп келет. Анын колдоосу менен учурда, 200гө жакын жаштар аталган  спорттун түрү менен машыгып, алды Кыргызстандагы мелдештердин жеӊүүчүсү  болушту. Кыргызстандын желегин желбиреткен жаш спортчуларга Н.Нишанов канча жылдан бери демөөрчүлүк кылып, алардын машыгуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келет.

А. Кубатбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here