Маркум М. Өмүракунов менен Т. Айдаралиев

Таалайбек Айдаралиев кезинде кыргыздын чыгаан уулу, раматылык агабыз Мухтарбек Өмүракуновдун эӊ ишенген санаалаш досторунун бири болгон. Ал Мухтарбек агабыздын ишканаларын жетектеп,  ийгилик жаратып, өркүндөтүүгө чоӊ салым кошкон.

-Таалайбек мырза,  сиз “Замандаштын” негиздөөчүсү раматылык Мухтарбек Өмүракунов менен узак жыл үзөнгүлөш болуп, ал кишини, партиянын түптөлүшүн жакшы билет экенсиз. Кептин өӊүтүн дал ушул маселеден баштасак…

— Туура айтасыз, Мухтар агабыз менен  жакын дос элек. Ал кишинин көптөгөн бизнесин жалпы үстүнөн башкарып, көп иштерди аткардык. Мисалы, курулуш, жүк ташуу, тоо кен тармагы боюнча бир топ долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганбыз. 2010-жылы чоӊ инвесторлор менен сүйлөшүп, көмүрдөн газ чыгаруу долбоору менен алек боло баштаганбыз. Бул боюнча Убактылуу өкмөт, ошол кездеги президент Роза Отунбаева менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз.  Бирок көп өтпөй, Мухтарбек агабыздын көзү өтүп кетип, ал долбоору токтоп калды. Кудайга шүгүр Мухтарбек агабыз негиздеп, баштап кеткен  ишкерлик ж.б. багыттардагы кээ бир долбоорлору уланып, иштеп жатат. Эми Мухтар агабыз өтө айкөл, жоомарт, ак ниет, жүрөгүндө карасы жок адам эле. Өлкөнү өнүктүрөлү деп күйүп-бышып, өтө чоӊ эмгектерди жасап кетти. Агабыз негиздеп кеткен негизги чоӊ иштеринин бири  — бул “Замандаш” партиясы менен “Замандаш ” ассоциациясы болуп калды. Бул партия 13 жылдык тарыхында көп кагылды, согулду. Ошентип, чоӊ саясатта, элдин жүгүн көтөрүү багытында чоӊ тажрыйба топтоду деп айта алам. Мен досубуз Мухтар агабыздын мурасын жерге калтырбай,  ушинтип улантып, партиянын байрагын бийик деӊгээлге көтөрүп жаткан инсандаргы ыраазчылык айткым келет.

-Сиз Бишкек шаардык кеӊешинде депутат болгон экенсиз. Демек, борбор шаарыбыздын  көйгөйүн жакшы билесиз да. Айрым маселелерди чечүүгө ушул багыттан да урунттуу кеп козгойлу…

— Бишкек шаардык кеӊешинде депутат болуу биз үчүн чоӊ тажрыйба болду. Мен бюджет комиссиясына мүчө элем. Ушул себептен шаардын бюджетин,  анын сарпталышын, ички булактарын жакшы эле билип калганбыз. Бирок айтып койчу маселе, шаардык бюджетте ошол учурда эле чоӊ көйгөйлөр бар болчу, азыр деле ошол көрүнүштөр бар. Биз депутат катары өзгөчө Бишкек шаардын четинде жайгашкан жаӊы конуштардын социалдык маселелерин чечүүгө көбүрөөк көӊүл бурдук деп айта алам. Ал үчүн далай убакытка кызыл-чеке болуп, талашып-тартышып олтурчубуз. Бирок ошол учурда шаардагы бир топ конуштардын ички жолдорун, электр энергия, бала-бакча, мектеп, таза суу сындуу негизги көйгөйлөрүн чечүүгө көп аракет, көп күч сарптадык. Жалпы коомчулук жакшы билет, республикалык бюджеттин басымдуу бөлүгү борбор шаарыбыздан чогулат да. Бирок ошол чогулган бюджеттин дээрлик көбүн мамлекеттик бюджеттке алып кетишет, шаардык бюджетке болгону азыраак эле пайызы калат. Мына ушул пайыздык көрсөткүчтү көбөйтүшүбүз абзел. Анктени, борбор шаар биздин жүзүбүз! Чечилбей жаткан көйгөйлөр көп.

-Кен казуу тармагында да иш тажрыйбаӊыз жетиштүү экен. Бул тармак да мамлекетибиздин  кирешелүү тармагы болуп эсептелгени менен, кирешеге караганда чыгымдарыбыз көп болгон учурлар кездешип келет. Бул багыт боюнча кандай пикирлериӊиз бар?

-Туура айтасыз. Бул багытта да биз кыйла  мезгил ишмердүүлүгүбүздү жүргүздүк. Күнгөй-тескейин жакшы билебиз. Кен казууга лицензиялардын туура эмес берилиши, коррупциялык көрүнүштөр, маселени жеӊ ичинен чечмей жана ошондой бул багытта кыйын чыкма кесипкөй адистерибиздин аздыгы байкалып келет. Кудай буйруп, депутат болуп келсек, ушул тармакка да көӊүл буруп, өзүбүздүн сунуштарыбызды, пикирлерибизди билдирип, көӊүл жылытаарлык иштерди ишке ашырганга күч жумшайбыз. Негизи мен байкагандан кен казуу тармагында катуу тартип жетишпейт! Күчтүү кадрларды даярдап, ата мекендик кен казуучуларга да толук шарттарды түзүп берип, алардын да күч-кубатын, тажрыбайсын колдонуу зарыл. Тилекке каршы,көп учурда чет элдик инвесторлорго басым жасашат. Кээ бир учурларда мамлекеттин кызыкчылыгына карганда жеке кызыкчылыктар көбүрөөк роль ойноп кетет. Мунун баарын жоюш керек. Мен Кара-Кечедеги “Пандж-Шер” карерин жетектеп да иштеп калдым. Себеби,  Мухтар агабыз: “Кыргызстанда ушунча көмүр кени туруп, эмне үчүн Казакстандан кымбат баада көмүр сатып алып жатабыз. Бизда ушул багытта ишмердүүлүк кылып, мамлекетке жардам берели”- деген изги тилегин айтып, ишти баштаганбыз. Бул багытта көп иштерди аткардык. Кыйынчылыктар абдан көп болду. Чынын айтайын мамлекеттин карьерлерине карганда жеке менчик карьерлердин ишмердүүлүгү жогору турганы байкалат. Биздин ишкана 2014-жылдары республика боюнча “Эӊ мыкты салык төлөчү”  наамына  татыктуу болгонбуз. Мына ушул нерсе эле биздин кандай иштегенибизден кабар берип турат.

-Кичи мекениңиз Токтогул районундагы чечилбеген көйгөйлөргө көбүрөөк көңул буруп, чечүүгө салым коушуп жүрсөӊүз керек..

-Албетте. Чынында биздин райондо деле бир топ чечилбеген көйгөйлөр көп. Алардын айрымдарын айтсак, Токтогул, Камбар-Ата, Курпсай суу сактагычтарынын айыл чарбага багытталбаган жер салыгы жылына 259 млн. сом салык катары районго салык кодекси боюнча төлөнүшү керек.

  Талас-Токтогул жайыт маселелерин талапка ылайык чечүу зарыл. Айылдар аралык жолдорду асфальт басуу,  таза суу көйгөйлөрүн чечүү, мектеп, бала-бакчаларды салуу, кайрак жерлерди сугат жерлерге өткөрүү үчүн каналдарды куруу. Электроэнергияга болгон жеңилдетилген лимитти жайкысын 500квт кышкысын 1000квт чейин көтөрүлсө жакшы болмок…

-Кайрымдуулук иш боюнча, деги эле  элге кандай жардам кылуу керектигин кезинде Мухтар байкебиз ташка тамга баскандай көрсөтүп кетти. Сиз да маркум  байкеден бул багытта да үлгү алгандырсыз…

Чынында Мухтар байкебиз кайрымдуулук боюнча абдан чоң иштерди жасап кетти.  Ал киши: “Кудай мага берип жаткандан кийин, мен элге беришим керек” – деген принцип менен жеке өзүнүн чөнтөгүнөн, “Замандаш”  ассоциациясынан, андан кийин түзүлгөн, “Замандаш” партиясы менен жардамга муктаждарга, мигранттардын көйгөйлөрүн чечкенге, чыгармачыл адамдарга,  спортчуларга, ар кандай чоң-чоң иш чараларга, мааракелерге, айтор айтып олтурса толтура.

Мухтар байке кайрымдуулук ишин баарынан жогору койчу. 2010-жылы июнь окуяларында Ошко ФУРАлар менен азык-тулүк, ар кандай керектүү жабдыктарды жиберип турду. Көп адамдар бизге кайрылып: “Силер эмне кайрымдуулук фондусуңарбы, андан көрө ушул акчалар менен шайлоого даярданбайсыңарбы”- деп айтышчу. Муктар байке менен кайрымдуулук иштерине көп аралышып, ал айткан иштерди кынытксыз ишке ашырып жүрүп мен дагы бул багыт боюнча өзүмө сабак алдым, тажрыйба топтодум.

Кийин колубуздан келишинче жардамга муктаждарга, өзүбүздүн райондорго айрым көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылдык. Баарын толук айтпасак да, айрымдарын учкай айтайын. Токтогул Сатылгановдун кичи мекени болгон Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө айыл өкмөттүн суранычы менен айылдын кире беришине абдан чоң арка коюп бердим. Андан тышкары, айылымда уюлдук байланыш тартпайт эле. Ал маселени чечүү үчүн  айылга эки уюлдук компаниянын антенасын  орноттук. Ушул сындуу иштерди айта берсек көп эле. Бирок баарын кенен айткым келебейт.

А. Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here