Элге берилген убадалардын 80 пайызын ишке ашырышкан

    Бул жолку шайлоодо башка партиялардын программаларына салыштырмалуу “Республика” партиясынын программасына жалпы коомчулук жакшы ынанып, колдоп  жатканы байкалууда. Себеби, 10 жылдык тарыхы бар бул партиянын  “Алдыга жол” деп аталган программасы 10 жылдан бери этап-этабы менен ишке ашып келатканына ар бирибиз күбөбүз.  Эми фактыларга токтололу: 2010-жылы “Республика” айыл чарба насыяларын   7 пайыздан, ипотекалык насыяны 6 пайыздан беребиз деген демилге көтөрүп,  программасына бадырайта жазышып, сунушташканда жалпы коомчулук ишенген эмес эле, ал эми “диван эксперттер” тиши тишине тийбей катуу сындап чыгышкан. Себеби, ал учурда банктарда андай айыл чарба насыялары 20 -30 пайыз, ипотекалык насыялар 30 пайыз үстөгү менен берилип жаткан эле. Бирок бүгүнкү күндө турмуш өзү көрсөттү. “Республикачылар” бул оӊой менен аткарылбай турган убадасын ишке ашырып, айыл чарба насыяларынын үстөгүн 6 пайызга, ипотекалык насыяны 7 пайызга чейин азайта алды.

   Мындан тышкары, “Республика” депутаттардын жардамчыларын, айдоочуларын  кыскартып, муну менен мамлекеттик бюджеттен жыл сайын жүздөгөн миллион сомдун  үнөмдөлүшүнө шарт түздү. Ошондой эле таксисттерге оң рулдуу  унаа менен иштөөсүнө тыюу салбоо,  «Коопсуз шаар» долбоорун жана   балдар акыйкатчысынын институтун түзүү сыяктуу убадаларды толугу менен ишке ашырды.

  2012-жылы бул партия мамлекеттик уруксат алуу, кызмат көрсөтүү боюнча  36 миӊден 40 миӊге жакын ар кандай документ кагаздардын санын кескин түрдө кыскартып, 400гө чейин түшүрдү. Бул аткарылган иш менен: мамлекеттик бюрократия кыйла азайтылып, өкмөт тарабынан  элге, жеке ишкерлерге тосулган тоодой тосмолор алынып салынды деп так кесе айтсак эч жаӊылбайбыз.

  “Республика”  партиясы Жогорку Кеӊештеги 6 партиянын ичинен элге берген убадасынын 80 пайызын ишке ашырганын эл аралык уюмдар, саясат талдоочулар жана эксперттер  талдап чыгышты. Эгер бул көрсөткөчтү партия өзү айтып чыкса, эл анчалык ынанбайт эле. Бирок эл аралык уюмдардын изилдөөсү жалпы коомчулукту ынандырып, ишенимди күчөттү.

                    Элдин колдоосу да, тандоосу да – “Республика”!

Бул өӊүттөн алып караганда 6-чакырылыштагы 6 партиянын ичинен   “Республика” партиясы бул жолку шайлоодо да “Алдыга жол”  программасынын алкагында  мамлекетке аба менен суудай керектүү демилгелери менен чыкты. Алардын айрымдарына көз чаптырып көрөлү:

-Президенттин кызматын, УКМК, Прокуратураны жоюп, 120 депутаттын санын  75ке, ал эми 16 министрликти 7ге чейин кыскартуу. Ошондой эле сот системасын көз карандысыз кылып, Каржы жана ИИМ министрин оппозициянын өкүлүнөн дайындоо. Мындан тышкары, Өкмөткө баш ийген, бирок киреше бербеген ишканаларды сатып, ал каражатты дыйкан-фермерлерди колдоого жумшоо,  медиктер менен мугалимдерге ипотеканы баштапкы төлөмсүз алууга мүмкүнчүлүк түзүү, пенсионерлерге эмгек жылдары үчүн топтолгон акчаларынын бардыгын накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, айлык — акыдан  алынган төгүмдөрдү төрт эсе, тагыраак айтканда  — 10  пайызга чейин азайтуу, ошондой эле  бизнести 20 мүнөттө каттоо үчүн бардык мамлекеттик кызматтар камтылган мобилдик колдонмо иштеп чыгуу…

Убадасына дайым туруп, элдин тереӊ ишенимине  ээ болуп келген “Республика” партиясы жогоруда айтылган  абдан чоӊ маселелерди алдыдагы 5 жыл ичинде ишке ашырууга бел байлап турат.  Анткен менен   “Республиканын” мына ушундай амбициялуу программасына көпчүлүк ишеним артып, колдоосун көрсөтүп жатат. Анткени, бул партия   убаданы кантип аткарып, өлкөнү кантип өнүктүрүш керек экенин 10 жылдан ичинде ачык — айкын көрсөттү.  

  “Кадрлар баарын  — чечет” – дегендей бул убадаларды аткарууга  “Республика” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талпынып чыккан талапкерлердин дээрлик баары теӊ татыктуу, иш билги инсандар экенине коомчулук өзү күбө болуп жатат. Алар: Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, Алтынай Өмүрбекова, Туйгуналы Абдраимов, Узарбек Жылкыбаев, Орозбек Нусувалиев, Алтынбек Жунус уулу, Кенжебек Бокоев, Назарали Арипов, Максат Сабиров, Аалы Карашев, Койсун Курманалиева, Калдарбек Баймаратов , Эсенгул Исаков, Айдай Исакова ж.б.

 4-сентябрда башталган үгүт кербенинин жүрүшүндө “Республика” партиясынын  программасы жер-жерлерде эл тарабынан  чоӊ колдоо таап,  кызуу талкууланып жатканын   укпаган, көрбөгөн деле киши калбады окшойт.   Демек, Кыргызстанда жашаган ар бир адамдын татыктуу жашоосуна  жол ача турган “Республика” партиясын колдоого алуу зарыл экенин ар бирибиз туура түшүнүп, туура кабылдоого мезгил жетти.

  Акыркы 20-25 жыл ичинде биринин артынан бири түзүлгөн, бирок атына заты жооп бербеген  партиялардын саны 200дөн ашты. Алардын  ичинен кыйла  айырмаланып, жаркын келечек үчүн “Алдыга жолду” баштап бараткан “Республика”  4-октябрда чоӊ жеӊишти камсыз кылышсын деген изги тилек оюбузду жыйынтыктайлы.

А.Кубатбеков

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

1-октябрь

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here