-Иш тажрыйбаӊыздан  байкалып турат мыйзам чыгаруу, деги эле мыйзамдардын күнгөй –тескейин жакшы билет экенсиз. Айрыкча Жогорку Кеӊеште мыйзамдар кандай кабыл алынарын эл жакшы билет. Бул маселе боюнча кандай пикир айтасыз?

— Бул боюнча айтсак сөз көп. Бул маселени ичинен билебиз. Анктени, Юстиция министрлигинде,  өкмөттө, президенттик аппаратта ушул багыт боюнча көп жыл эмгектендим.  Бирок мен азырынча Жогорку Кеӊеште, же Жогорку Кеӊешке өкмөт тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдар тууралуу кескин түрдө бир нерсе айтуудан  карманып турайын. Негизи эле мыйзам жазуунун,  аны элге, аткаруу бийлигине сиӊирүүнүн да өзүнүн эрежелери, жол-жоболору болот. Бизде байма-бай  жазылып, кабыл алынып жаткан мыйзамдарды баарын мыкты деп айтуудан алысмын. Кээ бир мыйзамдар жеке кызыкчылыктарды көздөп жазылганы байкалат.  Андай мыйзамдарды өтө кыска убакытта кабыл алып койгон учурлар көп кездешип жатат. Мыйзам кабыл алат десе эле арты  артынан “пачкалап” кабыл алган учурлар дагы кездешет. Мындан тышкары, биздин мамлекетте  такыр иштебеген, аты бар, заты жок мыйзамдар да толтура. Ошондой эле бирин-бири кайталган да мыйзамдар жетиштүү. Менимче, парламент депутаттары тарабынан жазылган жана өкмөт сунуштаган кандай гана мыйзамдар болбосун, анын баарын кабыл алууда темирдей тартип керек! Мыйзам мамлекетибиздин багытын, өнүгүүсүн аныктай турган багыт болгон соӊ ар бир мыйзамга кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл деп эсептейм! “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей мыйзамды да ичинен  билген билимдүү, кесипкөй адисттер жазышса дейт элем.  Мыкты депутат болом десеӊ, биринчи кезекте өзүӊдү мыкты мыйзамдардын автору болуп көрсөт. Тилекке каршы биздин парламентте көп учурда мындай талапка ылайык болгон көрүнүштү көрө албайсыӊ.

-Бизде кайсыл тармакка жакшы көӊъл бурулбай жатат?

-Өнөр-жай, өндүрүш маселесине абдан жакшы көӊүл бурулса дейм. Анткени бул тармак биздин экономиканын локомотиви болушу зарыл. Бул багыттагы өнүктүрүүгө тоскол болгон терс көрүнүштөрдүн баарын жоюп, чет мамлекеттерден келген инвесторлорго, ата мекендик ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүп берүү маселесин күчөтүшүбүз керек. Мисалы, туризмди өнүктрүү үчүн көп иштерди жасасак болот. Ошол эле жайкысын 2-3 ай туристер эс алганы келип, андан башка мезгилдерде  токтоп калган Ысык-Көлдөгү туристтик сезонду күзүндө, кышында, жазында да күчөтсөк жакшы болот эле. Ал үчүн жыл боюнча жакшы талап, жакшы шарттар менен иштей турган  заманбап жайларды куруу зарыл.

  Мындан тышкары, мен мамлекеттик кадрлар боюнча оюмду ортого салайын. Чынында кадрларыбыздын сапатын жакшыртуу боюнча талапка ылайык иштерди ыраатуу жүргүзүлүп турушу керек деп эсептейм. Мамлекеттик маселелерди чечет деген кадрларыбыз күчтүү, билимдүү, жигердүү жана таза болууга тийиш. Бизде чоӊ саясатта кыргызчылык, тууганчылык деген мыйзамга жазылбаган жаман көрүнүштөр бар. Ушунда көрүнүштөрдүн баарын тартипке салбасак болбойт.  “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде уят жок” деген наасат кепти мамлекеттик кызматкерлер, атка минерлер уккусу да келишпейт.

-Ысык-Көлдүн Түп районунда “Мурас” деп аталган  уникалдуу питомникте да эмгектенет экенсиз. Ал долбоордун мамлекетибизге пайдасы тууралуу учкай маалымат айтсаӊыз?

-Чындыгында эле ал питомник уникалдуу, кыргыз –орус биргелшкен питомниги болуп  эсептелет. Дубайдын жетекчиси, ханзадаларын кымбат баалуу куштары (негизинен ителгилер) ошол питомникте багылып жатат. Мурун  ал куштар Европада, Америка дагы питомниктерде экен. Кийин  500дөй кушту биздин Түп районуна алып келишкен. Себеби, Ысык-Көлдүн табияты ал куштарга абдан жагымдуу болгонун аныкташкан. Мисалы, ушул эле куштар Европада, Америкада 2-3 жылда араӊ бир жумуртка тууса, биздин Түптө 3-4 айда  тууй баштаган. Биздин табияттын жагымдуулугунан улам андай куштар ылдаам көбөйөт экен. Негизи куштар араб өлкөлөрү үчүн  абдан ыйык, кымбат мурас болуп эсептелет. Мындайча айтканда, бул долбоор арабдар тарабынан биздин мамлекетибиз үчүн чоӊ инвестиция болуп калды. Мамлекеттин кепилдиги берилген. Жалпысынан ал долбоорго 43 миллион доллар сарпталды. Учурда 100дөй адам эмгектенет.  Түп району үчүн жана питомник жайгашкан Михайловка айыл өкмөтүнө да социалдык пактер каралып, талапка ылайык жардамдар берилүүдө.  Дагы бир жакшы жери бул долбоор дүйнө элинин кызгуусун туудуруп, Кыргызстанды даӊазалап жатат. Бир мисал айтайын, өткөн жылы Владимир Путин Арабияга барганда жактын өлкө башчысына  биздин Түп районундагы питомникте багылып жаткан 2 ителгини белек кылган. Россиянын президенти ушул ителгини көбөйтүү маселесине да абдан чоӊ көӊүл буруп, Камчаткага питомник курдуруп, чоӊ иштерди ишке ашырууда.

 Азыр эми Түптөгү бул питомниктин курулушу кеӊейтилүүдө. Расмий түрдө ачылышына Дубайдан ханзадалар келе турганы айтылган. Азыркы учурда саясый маселелер боюнча талапка ылыйык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кудай буйруса, биз дагы өнөктөштөрүбүз менен мындай питомниктердин санын көбөйтүшүбүз керек. Анткени, бул долбоордун пайдасы мамлекетибизге абдан чоӊ.  Туризм багытын да өнүктүрүүгө,  инвестиция катары экономикага да салымы чоӊ болот.

Сиз акыркы 5 жылдан бери Кыргызстандын шахмат федерациясынын вице- президенти  экенсиз. Чоӊ спорттун бир бутагы болгон шахматты  өнүктүрүү боюнча кандай ойлоруӊуз бар?

-Негизи спорттун кандай гана болбосун аны өнүктүрүүгө биринчи кезекте каражат керек. Бизде шахмат оюнуна мамлекеттен  аз акча каралат. Былтыр 4 млн. сом эле бөлүнгөн. Ал акчаны да жылдын соуӊуна чейин бөлүп-бөлүп которуп берсе беришет, бербесе толук ала албай калабыз.  Кошуна, Казакстан, Өзбекстанда шахматка абдан жакшы көӊүл бурулуп, ал үчүн  атайы заӊкайган имараттарды куруп жатышат.  Чынында шахмат федерациясын Милан Турпанов спонсорлоррдун күчү менен сактап, өнүктүрүп келатат. Кыргызстан боюнча алганда 3 миӊдей адам шахматчылар, ата-энелер, туугандарын кошкондо балким 10-15 миӊ болот. Бул да аз. Негизи балдарды кичинесинен шахмат ойнотууга кызыктыруу зарыл. Шахмат акыл-эсти өстүрүүгө чоӊ өбөлгө түзөт. Мамлекет шахмат оюнунан жакшы көӊүл буруу зарыл. Мисалы, Россиядан же башка бир мамлекеттерден күчтүү машыктыруучуларды биздин федерацияга келишим менен алып келип, ишетүүнү колго алышыбыз керек. Бюджетин көбөйтүп, ал каралган акчаны убагында бөлүп берип туруу абзел. Мектеп программасына, айрыкча башталгыч класстарга  киргизсек да жакшы болмок. Ошондой жаш балдарды шахматка кызыктырып,тартуунун өзүнүн жол-жоболору бар да, андай ыкмалардын баарын жогорку деӊгээлде колдонуу зарыл.

-Үй-бүлөңүз, ата-энеңиз тууралуу учкай маалымат берсеңиз?

-4 балам  бар. Атам кыргыз элине белгилүү акын, журналист Нуралы Капаров. Апам көп жылдан берүү Китеп палатасында эмгектенет. Мен өзүм шаарда окуп, шаарда өскөнүм менен досторумдун айтуусун караганда шаардыктарга көп окшой бербейм.  Анктени шаарда окуп, өскөн кээ бир доторум орус мүнөз болуп калышкан. Бизди болсо атабыз катуу тарбиялап, орус  мүнөз кылган жок. Окуп жүргөндө каникулдарды сөзсүз айылда өткөрчүбүз. Ысык-Көлдү университетте окуп жүргөн гана көрдүм. Кыскасы, атам мени шаарда өскөн “балконский” кылбай, айылдык чыйрак жигит кылып тарбиялаганына абдан ыраазымын!

А. Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here