Аламүдүндөгү Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, атасын жарадар кылган адамдар эч нерсе уурдаган эмес. Мындан улам кылмышкерлердин турак үйгө кирүүдөгү максаты белгисиз.

Бул окуя Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин басма сөз кызматы билдирген болчу. Учурда ИИМ, ОИИБ жана РИИБдеги тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам топ шектүүлөрдү аныктоо, аларды кармоо багытындагы ыкчам иштерди жасап жатышат.

Маркум — 26 жаштагы Айгерим Токбаева тууралуу дос кызы Нурай АКИpress агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Айгерим Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин бүтүрүүчүсү болчу. Буга чейин ал Түштүк Кореяда эмгектенип келген. Кыргызстанга келгенден кийин каш татуажын жасоону үйрөнүүнү пландап жүргөн.

«Мен Айгеримди мектептеги кезинен бери тааныйм. Биздин байкелерибиз достордон болчу. Айгерим ачык, адам менен бат тил табышкан жана шайыр кыз эле», — деди Нурай.

Маркум баарына жардам берүүгө даяр болуп жана жаныбарларды да сүйгөнүн кошумчалады. Дос кызына көчөдөн чогулткан 9 үй жаныбарын (ит-мышыктар) багып жатканын, эгерде дагы бирди алып барса, анда жакындары алар менен кошо үйүнөн кубалап чыгышарын айтып тамашалаган.

Ошондой эле үй-бүлөсүн жана досторун өзгөчө сүйгөн адам катары эсинде калды.

Девушке было всего 26 лет

ист: АКИpress

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here