Өзбекстанда кыргызстандык айдоочу катышкан адам өлүмүнө алып келген жол кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Окуя кечээ, 28-сентябрда болжол менен саат 17:20 чамасында Андижан облусунун Саноат айылында болгон. 28 жаштагы кыргызстандык Ш.Л. «Вольво» жүк ташуучу унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгинде бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Андан кийин жүк ташуучу унаа турак жайды сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы Б.А. жана 3 жаштагы К.Н. аттуу кыздар жана айдоочу каза болду.

Аталган факт боюнча Өзбекстандын Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here