Түркиянын Трабзон шаарында полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда мейманкана сексуалдык кызмат көрсөткөн кыздарды жашыруунун адаттан тыш ыкмасын тапкан.

Dailu Star басылмасы жазгандай, полиция мейманкананы тинтүүгө келген. Алардын көңүлүн мобилдик радиатор буруп, анын артында тешик бар болгон. Ал жерде үч сойку жашырынып отурган- экөө Кыргызстандан жана бирөө Молдовадан.

Жашыруун бөлмөдө эки төшөк жана раковиналар болгон. 

Кыздарга сойкулук боюнча кылмыш иши козголуп, мейманкананын ээлери сойкулук кызматын көрсөткөндүгү үчүн камакка алынды.

«Түркиядагы сойкулук мыйзамдуу, бирок сойкукананын лицензиясы болгондо гана. Лицензиясы бар сойкуканада иштеген секс кызматкерлери каттоодо турушу жана инсандык күбөлүгү болушу керек, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулар боюнча медициналык кароодон өтүп турушу керек», – деп жазат басылма. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here