(аӊгеме)

Ал китепти көп окуй турган. Көп маалыматка ээ эле. Айланасындагылар анын акылына суктанышчу. Себеби, ал философия, турмушту да, адабият жана искусствону да, адам жана аалам, дин жана илим тууралуу өзүнүн оюн бир нече саат болсо да саймерденип бере турган. Эл аны өтө адамкерчиликтүү, терең киши болсо керек деп ойлошчу.

Бир жолу ошол кишиге эски досу жолугуп калды. Досу өтө өзгөрүп кеткен болсо да, ал аны дароо тааныды. Анын бажырайган көздөрү жана карганын канатындай калдайып жалтыраган каштары көп кишиден өзгөчөлөнө турган.

Бир заматта кайгы-кападан кабары жок жаштык кези эске түштү. Ошол түн. Ошол түнү ал тааныштары менен шаарга жакын жайгашкан айылга барып, бирөөнүн эки уюн уурдап сатып, акчага маарышмак. Баары алдын-ала ойлонуштурулган болчу. Арийне, азыркы чолок досу аны кандайдыр угуп калыптыр. Балким, тиги шылуундар муну да азгыргандыр.

-Бүгүн түнү эч жакка барбайсың, -деди кесе сүйлөп. Ооба, ушул сүйлөм азыр да кулагына шак этти. Анан жумшара түшүп:

-Досум, бул иш жакшылыкка алып барбайт. Ошол жигиттерге экинчи кошулбай эле койчу. Андан көрө экөөбүз бүгүн биздин үйгө баралы, бир шише вино алып койгом, шахмат ойнойлу, сүйлөшүп олтуралы,-деген эле.

Бекер акчаны ойлогондо, бүткөн бою чымырап, делдеңдетип турган менен, бирөөнүн короосуна кирип, малын сүйрөп баратканын элестеткенде, жүрөгү опкоолжуп, алдыдагы караңгы түн белгисиздикти жана коркунучту чакырып жаткан. Ошентип, өзү да илең-салаң болуп турган неме уурулукка барбай калган.

Кийин укса, тиги шылуундарды уйдун ээси кармап, матап, милиция кызматкерлерине салып бериптир. Кожоюн жигиттердин артынан катуу түшүп, алардын ата-энелеринин ай-коюна көнбөй, бул иш боюнча сотун чечими чыгып, 2-3 жылдан кесилип кеткен экен. Мына, азыр эбак унутулган ошол окуя кайрадан эсине түштү. Бирок, андан бери досу өзгөрүп кетиптир. Азыр анын маңдайында ошол кездеги досунан карыган, жүдөгөн, арык, анан да бир буту чолок киши турду.

Ал чолок досун карады. Каректери карап турган менен, акылы алыска кетип, башына миң сан ой келди. Анан чолок адамдан сурады:

-Сиз мага кайрылып жатасызбы?

-Ооба. Тааныган жоксуңбу?

Ал ыңгайсыздана түшүп, буйдала калды да:

-Жок,-деди шашып. Анын беттери титиреп, чекеси тердей түштү. Эмнегедир, досу менен сүйлөшсө эле ал азыркы аброюнан ылдыйлап кетчүдөй болуп, кадыр-баркы бул киши таянып турган балдактын алдындагы чаңга чейин түшүп калчудай сезилип кетти. Ал тиги эски досу кайра дагы бир нерсе айтып жибербесин деп, шашкалактай саатын караган болуп алдыга жөнөдү. Анын ушундай адаты бар болчу. Дайыма саатын карап, убактысы өтө тар адамдай түр көрсөтөр эле.

Чынында эле, анын көп убактысы ар түрдүү китептерди окууга, ар кандай кездешүүлөргө барып, лекция окууга кетчү. Ал көп изденчү, билимдүү эле, жана да адамзаттагы ташбоордук жана боорукерлик, адамкерчилик жана аруулук тууралуу көп айта турган…

Нет описания.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here