Береги тасмада көрүнүп тургандай бул кымбат баалуу жаңы унаалар «Кыргызстан» партиясынын республикалык шатабынын алдында тизилип турат. Интернет айдыңына тараган маалыматтарга таянсак, бул автоунаалар партия үчүн мыкты көрсөткүч көрсөткөн жер-жерлердеги агитаторлорго ыраазычылык катары белекке берилери айтылууда. Мындай авто унаалардын саны беш эмес, андан көп экени, ондоп саналары кабарланды. Бул партиянын кожоюндары арак эле чыгарбастан, акча да басып чыгарат окшобойбу. Болбосо агитаторлорго ушундай кымбат балуу машинелерди белекке берүүгө эмне деген акча керектелет. БШК буга кандай карайт болду экен? Агитаторлорго ыраазычылыкпы, же аларды «оптомунан» сатып алуубу? Азырынча «кыргызстанчылар» бул автоунааалар тууралуу маалымат тарата элек. Кыскасы, мыйзам бузуу жагынан алдына партия салбаган бийликчил партиялардан мындан жаман жагымсыз көрүнүштөрдү күтсө болот….

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here