Райондук сот Аравандагы мушташка шектүү катары төрт жарандын бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды.

Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев маалымат таратты. Анын айтымында, жалпысынан алты кишиге айыбы угузулду. Алардын бири ден соолугуна байланыштуу ооруканада.

View this post on Instagram

«Мекеним Кыргызстан»: үгүт маалында чыккан уруштан 12 адам ооруканага түштү (видео) 21.09.2020 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. «100гө жакын шайлоочу менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар менен үгүт кылып барган адамдардын ортосунда чатак чыккан. Баштапкы маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаган учурда чыр чыгып кеткен. Мушташ 10-15 мүнөт уланган. Учурда абал тынч. Бир жабырлануучунун абалы оор деп айтылууда», — деди Аширбаев. Аширбаев билдиргендей, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталды.

A post shared by @ chagylgan._kg on

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here